Жыл соңуна чейин кумшекер менен суу майга кошумча нарк салык алынбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДүкөндогү кардар. Архив
Дүкөндогү кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынган. Анын жүрүшүндө салыктарды өндүрүүнүн тартиби талкууланган.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1-апрелден 31-декабрга чейин сырттан алынып келген кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрүп, 14 маселени караган.
Анын ичинде салык карыздарын өндүрүүнүн тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилген.
Жапаров мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун даярдалышын сынга алып, алар укуктук жана экономикалык экспертизадан тыкыр өтүшү керектигин белгилеген.
"Толук иштелип чыкпаган, чийки долбоорлорду киргизүүгө жол берилбейт. Чечимдин долбоору деталдуу жана такталган эсептөөлөр менен бекемделиши керек, бул өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулушуна тийиштүү", — деген Жапаров.
Төрага жыйында бир катар ченемдик-укуктук актылардын долбоорун толуктап иштеп чыгууга жөнөткөн.
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси Чолпонай Жолочу кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Радио
Жолочу кызы: Россия ЕАЭБге кумшекерди экспорттоого тыюу салган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0