Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдышева: кыргыз футболунда калыстык кылган кыздардын саны көбөйүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз-келиндер футболу ассоциациясынын аткаруучу директору Анаргүл Абдышева
Кыз-келиндер футболу ассоциациясынын аткаруучу директору Анаргүл Абдышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жазылуу
Кыз-келиндер футболу ассоциациясынын аткаруучу директору Анаргүл Абдышева Кыргызстанда оюндарга калыстык кылган кыз-келиндердин саны 10дон ашып калганын айтты.
Кыргыз футбол союзунун базасында калыстарды даярдай турган мектеп бар. Дүйнөдө кыздар футболунун өнүгүшү менен акыркы мезгилде өлкөдө рефери болууну каалагандар көбөйдү. Бул тууралуу Анаргүл Абдышева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абдышева: кыргыз футболунда калыстык кылган кыздардын саны көбөйүүдө
Анын айтымында, кыз-келиндер арасында машыктыруучуларды даярдоодо да аракеттер көрүлүп келгени менен алардын саны абдан аз.
"Дүйнөдө кыз-келиндер футболуна маани берилип, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тармакты өнүктүрүү максатында алгылыктуу иштер жасалып, чемпионаттардын деңгээли көтөрүлүп калды. Бүгүнкү күндө аялдар футболунда талаптар жогору болгондуктан ар бир улуттук федерация ошол эрежелерди камтыганга аракет кылууда. Алсак, аялдар арасында калыстарды даярдоо маанилүү орунга чыкты. Бизде мурда эки гана калыс болсо, учурда 10дон ашык рефери оюндарды тейлеп келет. Кыргыз футбол союзунун базасында калыстарды даярдай турган мектеп бар. Ал жакта калыс болууну каалаган кыздар аз, бирок акырындык менен алардын саны өсүүдө", — деди Абдышева.
Ошондой эле адис кыргыз футболунда кыздар турмуш кургандан кийин спорттук карьерасын таштап кеткендер көп экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0