Аялымдын муздак мамилесинен тажадым. Көңүлү бузулган күйөөнүн каты

© Фото / Pexels / RODNAE ProductionsЭркек менен аялдын ортосундагы мамиле. Иллюстративдик сүрөт
Эркек менен аялдын ортосундагы мамиле. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аялынын муздак мамилесинен көңүлү калган жигиттин каты жарыяланат.
Саламатсыздар! Менин курагым 35 жаштан өтүп калды. Аялым 32 жашта. Үч баланын ата-энеси болобуз. Өзүбүз Токмоктун четиндеги айылда турабыз. Үйүбүз бар. Мен иштейм. Келинчегим үйлөнгөнү иштеген деле эмес. Бир чети жумуш аз болсо, экинчиден, муктаждык деле жок. Анын үстүнө үйдө бир аз мал бар, анан балдарды карайт.
Жубайымды жакшы көрүп алгам. Өзү да тамакты жакшы жасайт, үй оокатына тың. Бирок жашоо — оокат жана курсакты тойгузуу менен эле бүтүп калбайт экен да. Жубайым аял катары күйөөсүнө ырахат тартуулоону, эркелеп же эркелетүүнү, кылыктанууну билбейт. Кээде "бул кандай жан" деп таң калам. Тытынып эле үй иштери менен жүрө берет. Кырып-жышып эле жууй берет.
Кечинде төшөктө муздак, дене кумарынын эң кызык жерине келгенде көр-тирилик тууралуу көйгөйдү айтып, айланы кетирет. Ошол замат иренжий түшөм. Буга чейин бир-эки жолу түшүндүрүп, аял-эркек мамилесин ачык сүйлөштүм. Болбойт экен. "Эк, барчы ары" деп андайга башын да оорутпайт. Мындай өтө ыйбаалуу, өтө башкача интимдик мамилеге зордоп да бардыра албайсың.
Көңүлүмдүн, ички сезимдеримдин ээси болгон, өзгөчө ышкы менен отуруп эзиле сүйлөшкөн, ошондон ырахат алган кимдир бирөөнү эмнегедир эңсей баштадым. Ушул оюм барган сайын эле мээмди ээлеп алды. Өзүмдү колго алып жакшы күйөө, балдарымдын алдында "таза" ата болуу максатым бар. Бирок... Билбейм. Аялымды тарбияласа болобу же бул ушул бойдон калабы? Эркек үчүн аялынын жылуу сөзү, эркелегени деле керек да. Келинчегим сүйлөсө эле үй оокаты менен түйшүктү айтат.
Түнкү клубда жүргөн жигит. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Баңгиге айланып баратат, досумду кантип сактап калам? Жигиттин каты

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Ойлонулбай жасалган иштин акыры жакшылык менен бүтпөйт. Бул жигит алдын ала акыл калчап, пландап жаткан экен. Кийин өкүнүп калганга караганда, эрте кеңеш сураганыңыз туура. Дене кумары үчүн көңүлдөш таап алсаңыз, ал балдарыңызга, келинчегиңизге кандай таасир берерин ойлонуп көрүңүзчү. Баары бир аял киши назик келет. Жолдошунун мындай саткынчылыгы ага катуу сокку болот. Андан балдар да жабыркайт.
Мындай планыңыз экономикалык жактан да үй-бүлөнүн капшытына оордук келтирет. Анткени мурда сиз бир гана үй-бүлөнү камсыздасаңыз, кийин башка бирөөгө да жардам берүүгө туура келет. Ал дагы каржылык көйгөйлөрүн сиз менен бөлүшүп баштайт. Андай мамиленин убактылуу эле болушуна эч ким кепилдик бере албайт. Адам көнүп да кетиши мүмкүн. Ошондо үй-бүлө менен көңүлдөшүңүздүн ортосунда тандоо жасай албай кыйналасыз.
Медициналык, психологиялык жактан атайын адистерге кайрылып, келинчегиңизди көрсөтүп көрүңүз. Мүмкүн кандайдыр бир көйгөйү бардыр. Динде деле аял киши жыпар жыттанып, жолдошуна көңүл бурушу керек дейт. Мүмкүн жөн гана аялыңыздын ушул жагынан жакшы түшүнүгү жоктур. Ушул жагынан гана түгөйүңүздүн потенциалын көтөрсөңүз эле сиздерде баары жакшы болот деп ойлойм. Бир көйгөйдү "чечем" деп, оңой менен суурулуп чыгып кете албаган сазга батып албаңыз.
Кош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Кайындарым курсактагы балаңды абысыныңа бер деп жатышат. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0