Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кытайлык басылма Украинадагы кырдаалда АКШнын жети "күнөөсүн" атады

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЛьвов облусунда тактикалык машыгуу учурунда жоокер. Архив
Львов облусунда тактикалык машыгуу учурунда жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Автор Америка Европаны өзү менен кошо жетелеп алуу аракетин көрүп жатат деген пикирин айткан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШ өзүн жакшы жагынан көрсөткүсү келет, бирок бир эле Украинадагы кырдаалда жети "күнөө" кетирди. Бул тууралуу Кытайдын Global Times гезити жазганын РИА Новости билдирди.
Макаланын автору Вашингтон кансыз согуш менталитетинин жактоочусу бойдон калды, бул глобалдык ажырымды курчутат деп эсептейт.
"НАТО өз аянтын чыгыш тарапка беш жолу кеңейтти. Альянс коопсуздук мейкиндигине тынымсыз кадам таштап жатканын көргөн Россия башка өлкөлөр сыяктуу эле жарга такалып калуудан кооптонбой койгон жок. Бул жагынан караганда Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал кансыз согуш менталитети европа континентине жайылып кеткени жан кейитерлик мисал", — деп жазылган макалада.
Автор Ак үйдүн аракеттери геосаясий оюнчулардын нааразычылыгын жаратып, бул дүйнөдөгү тынчтыкка бүлүк салат деп белгилеген. Тагыраак айтканда, ал Американын Европаны өзү менен кошо жетелеп алуу аракетин жемелеген.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш Россияга чыныгы гибриддик согуш жарыялады
"Украина менен Европанын кызыкчылыктары эч кандай маанилүү эмес. Европа менен Россиянын ортосундагы байланыш үзүлүшү керек. Ошондо Европа америкалык союздаштарынан башка эч кимди айланчыктабай калмак", — деп жазган басылма.
Аны менен катар макалада АКШ маалыматтарды манипуляциялап Украинадагы кырдаал тууралуу фейктерди таратып, дүйнөлүк экономикада кыйынчылык жаралган учурда доллардын үстөмдүгүн колдоп, мурдагы СССРдин аймагында аскердик-биологиялык лабораторияларды ачуу менен алектенип жатканы белгиленген.
"АКШ адам укугунун коргоочусундай элес калтырганы менен иш үстүнө келгенде согушту жана дүйнөнүн бир нече аймактарындагы хаосту пайда кылууга роль ойнойт. Алардын "универсалдуу баалуулуктары" Афганистанды, Иракты, Ливияны жана Сирияны башаламандыкка жана кыйынчылыктарга кептеди. АКШ Украинадагы кризистин отуна май чачканын токтотпой жатат. Алар кризиске чейин украин аскерлерин окутуп, жабдып беришкен. Украинага курал-жарактарды түз жеткирип, Россияга каршы басым жасоо компаниясынын башында турушат", — деп белгилеген публицист.
Ошондой эле басылманын автору Вашингтон аскердик жаңжалдарды ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн колдонуп жатканын айткан.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев өзөктүк согуш башталуу ыктымалдуулугу боюнча пикирин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0