Аллергиядан кантип арылса болот? Дерматологдун кеңеши

© AFP / PHILIPPE HUGUENПарктан мурдун жоолук менен жапкан аял. Архив
Парктан мурдун жоолук менен жапкан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Медик ар бир аллергиялык дартка түрдүү дарылоо ыкмасы колдонуларын белгилеген.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Аллергиясы барлар тамакты тап менен ичип, туздуу, майлуу, ачуу, куурулгандардан баш тартышы керек. Бул тууралуу Республикалык тери-венерология борборунун дерматовенерологу Кундузбек Тургунбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, бир дагы дарыгер аллергияны 100 пайыз айыктыра алам деп сөз бербейт. Ар бир аллергиялык дартка түрдүү дарылоо ыкмасы колдонулат.
"Мисалы, псориаз (карттанган кургак чакалай) — өнөкөт генетикалык дарт. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Бейтап дарыгер көрсөткөн эреже, талаптарды күнүмдүк жашоодо так аткарышы керек. Себеби улам-улам дары иче бергенге да болбойт. Дарынын жакшы да, жаман да жагы бар. Антибиотиктер да аллергия чакырат. Ошол себептен жаш энелер бала бир аз ооруп калса эле антибиотик берүүгө ашыкпашы керек. Аллергиялык дерматозду кантип дарылоо керектигин бир гана врач айтат. Анткени туура эмес диагноз жана өзүн-өзү дарылоо ыкмалары ооруну өнөкөт формага өткөрүп гана тим болбостон, субдепрессиялык жана жүрүм-турумдун бузулуусуна алып келет", — деген дарыгер.
Медик аллергиясы барлар эң башкысы тамакты таптап ичип, туздуу, майлуу, ачуу, куурулгандардан баш тартышы керектигин жана андан тышкары цитрус жемиштеринен да алыс болууга чакырган.
Дерматовенерологдун аллергия тууралуу толук маегин Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Аял эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Аллергия, кант диабети жана бөйрөк оорусу барлар кайсы учурда эмделет
Жаңылыктар түрмөгү
0