Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада "ак каскачандар" үчүн сценарий даяр. Сереп

© AFPПротивогаз кийген солдаттар куралдан атуу учурунда. архив
Противогаз кийген солдаттар куралдан атуу учурунда. архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
АКШ президенти Жозеф Байден эгер Украинада Россия химиялык курал пайдаланса, Кошмо Штаттар чара көрөрүн билдирди. Кандайдыр бир себептер менен дал химиялык курал темасын колдонуу Батыштын сүйүктүү пропагандалык куралына айланган.
Кандай болгон күндө да химиялык куралды пайдаланууга камылга же аны колдонууга геосаясий душмандарын жана эпке келбес мамлекеттерди айыптоого Батыш кынык алган. Ушул темага байланыштуу урунттуу учурларга эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис сереп салган.
Бул иш үчүн атайын саясий жана PR-механизмдери, структура жана алгоритмдер түзүлгөн. Акыркы он жыл ичинде алардын ишине дүйнө күбө болууда. Ал эми алардын ишмердигинин кай тарабын көрүп кабыл алуу, тагыраагы, коомчулукка көрсөтүлгөн жагына карап кубаттоо же көмүскө аракеттерине карап бүтүм чыгаруу – ар кимдин өз эрки.
Аталган процесстерде маанилүү ролду ойногон, болду-болбоду уланта да турганы – "Ак каскачандар" (White Helmets) уюму. Сирияда 2010-жылдын биринчи жарымында түзүлгөн псевдогуманитардык уюм. Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүнөн чыккан аймактарда иш алып барып, батыш жана жакынкы чыгыштык гранттар менен байма-бай каржыланат.
Расмий түрдө "ак каскачандардын" милдети – согуштук аракеттердин жүрүшүндө жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүп, жай жашоочулардын өмүрүн сактоо менен алектенүү. Бирок иш жүзүндө алар "Асаддын зулумдугун" ашкерелөө үчүн батыш пропагандасынын негизги куралдарынын бири болуп калды.
Алар дүйнөлүк маалымат каражаттарына "Дамаскынын өз калкына жасаган аскердик кылмыштары" жөнүндөгү роликтер менен жабдып турду. Бул видеолордогу кадрлар жасалма экени – "курмандыктар" гримделип, катышуучуларга акы төлөнгөнү бир нече ирет далилденсе да, Батыштын саясий жана медиа агымы билмексенге салды.
Сирияда россиялык аскердик операция башталган соң "ак каскачандардын" жылдызы жанып, бул дал ошол химиялык курал пайдаланылган деген темага байланыштуу болгон. Анын "ыктыярчыларынын" аракеттери менен Батыштын билдирүүлөрүнүн укмуштай үндөштүгү байкалган. Кошмо Штаттар жана Европа сириялык армия тарабынан химиялык курал пайдалануу мүмкүндүгү жогору экени айтылгандан көп өтпөй ошондой окуя болгонун кабарлап, ага "ак каскачандар" видеодалил көрсөтүшкөн.
АКШнын президенти Европага кетер алдында ядролук чемодан менен жоокерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
АКШ менен НАТО "дүйнөнүн жаңы тартибин" убада кылууда. Сереп
2018-жылдын апрелинде Дамаскыдан анча алыс эмес Дума шаарындагы "химиялык чабуулда" ачык көрүнгөн. Ошол окуя баштан аяк "ак каскачандар" тарабынан уюштурулган. Россия мунун толук далилдерин дүйнөлүк коомчулукка көрсөткөн. Гаагадагы Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун штаб-квартирасында брифинг өткөргөн. Анда роликке тартылган 17 катышуучу анын кантип тартылганын айтып беришкен. Бирок Батыш аны жөн гана укмаксанга салып койгон. Өкүлдөрү Гаагада Россия тарабынан уюштурулган иш-чарага келген эмес. Ал эми батыш саясатчылары жана маалымат каражаттары өздөрү тандаган нукта ишин уланта берген.
2017-жылдын апрелинде да Хан-Шейхунда (Идлиб) да ушундай эле окуя болгон. Россиянын Коргоо министрлиги аны изилдеп чыгып, чагымчылдыкка "Ак каскачандарды" түз айыптаган, бирок Батыш ага да кулак жапырган. Мунун баары Батыштын Сирияны ошол "кылмышы" үчүн "жазалоосуна" эч кандай таасир эткен жок. Хан-Шейхундагы ошол "химиялык куралга" байланышкан иш 2017-жылдын 7-апрелинде Эш-Шайрат авиабазасына ракеталык сокку урушуна шылтоо болгон. Ал эми Думадагы окуя 2018-жылдын 14-апрелинде АКШ, Улуу Британия жана Франциянын Дамаскыдагы Изилдөө борборуна, ошондой эле өлкөдөгү бир катар аскердик жана жарандык объектилерине сокку урууга себеп болгон.
Батыштын бир жараткан саясий-медиалык-аскердик алгоритмдерин кайра-кайра колдоно бермей адатын эске алсак, бул жолу деле Украинада бөлөкчө сценарий менен ишке ашырыларын болжоого негиз жок. Россия химиялык курал колдонсо, АКШнын кийлигишүүгө даярдыгы жөнүндөгү билдирүүсү менен Байден акыры атыла турган куралды дубалга илгендей эле болду. Бул сапар "ак каскачандардын" ролун ким ойнойт? Кайсы бир журналистпи, "көз карандысыз" ыктыярчыбы, батыш гранттары менен кенен жашаган гуманитардык уюмбу, кеп ошондо.
Батыш химиялык курал менен чагымчылдыктарды бир нече ирет жасаган. Бирок ал Сириядагы кырдаалдын нугуна кенедей же олуттуу түрдө өзгөртө алдыбы? Башар Асадды тактан кулаттыбы? Же Россияны аскердик контингентин чыгарууга мажбурлай алдыбы? Жок, Сирияда АКШ Европа менен геосаясий кыйроого кабылып, ал бүтүндөй жакынкы чыгыш чөлкөмүнө жайылып, Батыш мында өз ордун жана таасирин жоготуп барат.
Америкалык президенттин эскирип бүткөн химиялык курал темасын кайра көтөрүп чыкканы аргасы кеткендеги далалаты, иштеп калар деген тейде мурдатан көнгөн кнопкага басуу аракети экенин айгинелеп тургандай.
Чоң жыйырмалыктын логотиби. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Вашингтон "Чоң жетилик" менен "Чоң жыйырмалыкты" алмаштырып алдыбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0