Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темиркулов: "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында багбанчылык өнүктүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов
Президенттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
Президенттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов токойлор мөңгүлөрдүн эришин жайлата турганын белгиледи.
"Жашыл мурас" долбоорунун алкагында багбанчылык дагы өнүктүрүлөт. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Темиркулов: "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында багбанчылык өнүктүрүлөт
Анын айтымында, мөмөлүү дарактар экономикага салым кошуу менен экологиянын жакшырышына да түрткү боло алат.
"Токойлорду сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн "Жашыл мурас" демилгеси көтөрүлүүдө. Токойлордун көбөйүшү жаныбарлардын санынын арбышына таасирин тийгизет. Мындан тышкары, мөңгүлөрдүн эриши азайып, экология жакшырат. Мына ошол долбоордун алкагында багбанчылыкты дагы өнүктүрүү пландалууда. Себеби аталган тармак экономиканы көтөрүүгө жана экологияны жакшыртууга салым кошот. Табигый таза мөмөлөрдү экспортко чыгарууга болот. Буга утурлай эле айыл, шаарларды жашылдандыруу мерчемделүүдө", — деди Темиркулов.
Ошондой эле ал соңку 50 жылда 20 пайыз мөңгү эригенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0