Эскертүү! Өтмөк ашуусу кечке чейин жабылат

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүКар көчкү атайылап түшүрүү. Архив
Кар көчкү атайылап түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Ашууда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу бүгүн кечки 18:00гө чейин жол жабылат.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бүгүн, 30-мартта, саат 12:00дөн тарта Өтмөк ашуусу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Өтмөк ашуусунун 14-чакырымына чейин артиллериялык каражат менен кар көчкү атайылап түшүрүлмөкчү. Кайра ушул эле күнү кечки саат 18:00дө ашууда жол ачылары айтылды.
Министрлик буга байланыштуу Өтмөк ашуусундагы Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунан өтө турчу айдоочуларды каттамын алдын ала ойлонуштуруп алууну эскертти.
Министрлик 29-марттан тарта аба ырайынын кескин бузулушунан улам Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Өтмөктөгү Кара-Ой айылында оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөө киргизгенин белгиледи. Жеңил унаалар үчүн жол ачык. Тиешелүү кызматкерлер трассаны тазалап жатат.
Жүк ташуучу автоунаа Сосновка постунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Сосновкада жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0