Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абылгазиев: Кыргызстанга психотроптук дары-дармекти 6 компания алып келет

© Sputnik / Асель СыдыковаДары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Абылгазиев
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Абылгазиев рецепт жазылбагандыктан психотроптук дары-дармекти жетиштүү деңгээлде алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтты.
Башкармалык өлкөгө дары түрүндө келген психотроптук жана баңгизаттардын мыйзамдуу жүргүртүлүшүн көзөмөлдөп, БУУнун баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине отчет берип турат. Бул тууралуу Азизбек Абылгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абылгазиев: Кыргызстанга психотроптук дары-дармекти 6 компания алып келет
Анын айтымында, республика боюнча 296 дарыкана психотроптук дары-дармек сатат.
"Кыргызстанда психотроптук дары-дармектерди алып келген алты компания ("Неман-фарм", "ЮниХелп", "МедФарм", "ЭлФарм", "Эляй-Фарм" жана "Мед-Сервис") бар. Бул компанияларга Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгы январда лицензия берди. Азыркы мезгилде Россия жана Украинадагы кырдаалдан улам алар психотроптук дары-дармектерди алып келүүгө жетишпей калды. Бирок учурда дарыны башка аймактардан алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акыркы күндөрү паллиативдик жардам көрсөткөн профилдик бейөкмөт уюмдар ооруну басаңдатуучу анальгетиктердин жеткиликтүүлүгү начар, морфин жок калды деп айтышууда. Бул жалган маалымат. Учурда психотроптук жана баңгизаттар калдыктарынын эки айлык запасы бар. Болгону алыскы аймактарда психотроптук дары-дармек саткан дарыканалар жок болгондуктан ошол жерлерде бул препараттар жетишсиз. Азыркы күндө БУУнун баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитети бекитип берген квотада дарыларды толугу менен алып келе албай жатабыз. Себеби оорулуу адамга дарыгерлер рецепт жазбай калган учурлар болууда", — деди Абылгазиев.
Ал 2018-жылы бекитилген квотанын 60 пайызы аткарылса, 2021-жылы психотроптук препараттардын 11,7 пайызы гана алып келингенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0