Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тодогелдиев: чет элдиктердин бала асырап алуу жолу катаалданууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек, социалдык колдоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев
Эмгек, социалдык колдоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык колдоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев балдарды асырап алуу боюнча мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү жана толуктоолор тууралуу айтып берди.
Чет элдиктерге бала асырап алууда шарттарды катаалдатуу сунушталууда. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Тодогелдиев: чет элдиктердин бала асырап алуу жолу катаалданууда
Анын айтымында, бала асырап алуу үчүн чет элдиктер кайрыла турган өкүлчүлүктөрдү аккредитациялоо үчүн талаптар күчөтүлүп жатат.
"Ата-эне өзүнүн баласына 18 жашка чейин кам көрүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда көзөмөлсүз, жетим, асыроосуз калган балдар мамлекеттин колдоосуна, карамагына өтөт. Тийиштүү мамлекеттик органдар алардын туугандарын аныктап, багып алууга берет. Тийиштүү орган тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, финансылык колдоо үчүн жөлөк пул чегерилет. Эгерде кароосуз баланын туугандары табылбаса же алар багуудан баш тартса, акыркы чара катары балдар интернатына жайгаштырылат. Андан соң каалоочуларга багып алууга жол ачылат. Асыроонун эки түрү бар. Баланы кыргыз жарандары же чет өлкөлүктөр багып ала алат. Бул жерден артыкчылык КР жарандарына берилет. Чет өлкөлүктөр асырап алуу суранычы менен министрликке түз кайрылбайт. Ал үчүн атайын өкүлчүлүккө кайрылып, алар аркылуу багып алат. Мына ошол өкүлчүлүктөр министрлик тарабынан аккредитациядан өткөрүлөт. Ал үчүн тийиштүү талаптар (Тышкы иштер министрлиги, укук коргоо ж.б. органдардан документтер чогултулат) коюлган. Анан өкүлчүлүккө үч жылга сертификат берилет. Мына ошол өкүлчүлүктү аккредитациядан өткөрүү талаптарын мурдагыдан катаалдатуу сунушталууда. Маселен, мурда үч жылга сертификат берилсе, кийин улантууга мүмкүндүк бар болчу. Сунушталып жаткан долбоордо ар үч жыл сайын аккредитациядан өтүүсү талап кылынууда", — деди Тодогелдиев.
Ошондой эле ал баланы асыроого берүү боюнча акыркы чечимди сот кабыл аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0