Эскертүү! Чүй проспектисинин бир бөлүгү 9 күнгө жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол белгиси. Архив
Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Чүй проспектисинин Сүйүнбаев көчөсү менен кесилишкен жери 2-10-апрель аралыгында автоунаалар үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күндөрү "АкНазЭлБилдинг" аттуу подрядчы компания жылуулук камерасын куруу менен түтүктөрдү жаткырат.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырды.
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Бишкектин кээ бир жолдору оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0