Оңолууга кадам таштайлы. Муфтийдин Рамазан айына байланыштуу куттуктоосу

© Фото / пресс-служба ДУМККыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Жазылуу
Муфтий Замир Ракиев Рамазан айында мусулмандар кайрымдуулук иштерин арттырып, сооп табууга ынтызар болорун белгиледи.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев элди Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Муфтий Рамазан айы ыймандуулуктун, сабырдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн айы экенин белгилеп өткөн.
"Баарыбыз он бир айдан бери чыдамсыздык менен күткөн Рамазан айы да кирип келди. Учурдан пайдаланып ыйманыбызды нурлантып, күнөөлөрүбүздөн арылып, ыйык айды ибадат менен өткөрөлү. Кут, береке, нур жааган ыйык айда ар бирибиз жакшы иштерди жасап, жаман адаттардан арылалы. Ар бирибиз оңолууга кадам таштап, терс адаттарыбызды таштайлы. Бул ай — чыныгы сооп табуунун, Алла-Таалага жакындоонун айы. Бул айда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат, шайтандар болсо кишенделет", — деген Ракиев.
Ал дал ушул Рамазан айында мусулмандар кайрымдуулук иштерин арттырып, сооп табууга ынтызар болорун айткан.
"Бул ортобуздагы мээримдүүлүктү, ынтымак менен биримдикти, бир туугандык жана боорукерлик сезимдерибизди бекемдейт. Бул коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүгө көмөк болуучу ыйык ай. Анткени бул айда жер бетине Алла-Тааланын ырайым нурлары түшүп турат. Күнөөлөрдөн арылып, жакшы иштерди жасоого, сооптуу амалдарды аткарууга умтулалы. Алла-Таала ар бирибиздин туткан орозобузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечирсин", — деген муфтий.
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи өлкөгө тынчтык, ынтымак, токчулук, ар бир үй-бүлөгө сүйүнүч жана бакыт, жаштарга ыйман каалаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Орозодогу изги тилегиңиздер кабыл болсун. Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0