Күн ысып, кар көчкү түшөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© AFP / ALEXANDER KLEINКар көчкү боло турган олуттуу жер. Архивдик сүрөт
Кар көчкү боло турган олуттуу жер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Жазылуу
ӨКМ кийинки жумада кар көчкү түшүшү мүмкүн болуп жаткан аймактардын тизмесин берди.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 3-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Шашылыш билдирүүдө кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактар тизмектелген:
Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусу жана Кара-Үңкүр капчыгайы;
Казарман — Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусу;
Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу.
ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жол тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши керектигин белгиледи.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
22 градуска чейин ысыйт. Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0