Эгер сиздин үйүңүзгө каттоочу келбей калган болсо эмне кылыш керек?

© Фото / пресс-служба Нацстаткома КРКаттоочу элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү учурунда. Архивдик сүрөт
Каттоочу элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Жазылуу
3-апрелде элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү соңуна чыгат. Андан соң 4-6-апрель аралыгында контролдук каттоо иши жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Эгер сиздин үйүңүзгө каттоочу келбесе анда 1216 тынымсыз байланыш номерине чалыңыз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Эске салсак, 3-апрелде элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү соңуна чыгат (алыскы аймактарды эске албаганда). Андан соң 4-6-апрель аралыгында контролдук каттоо иши жүргүзүлөт. Мындай иш-чара каттоого алынган жашоочуларды тактоо максатында өткөрүлөт.
"Каттоочу каттоо бөлүмүнүн жетекчиси менен өзүнө бөлүнгөн ар бир онунчу үй чарбасын кыдырып, чарбанын жашоочуларынан эл каттоодон өткөн-өтпөгөнүн бир сыйра тактайт. Кайсы бир себептерден улам каттоого алынбай калган жашоочулар аныкталып калса, дароо катташат", — деп айтылат маалыматта.
Каттоого алынбай калган жашоочуларды каттоо, үйлөрдү кайра кыдыруу ыкмасы буга чейинки эл каттоолордо жүзөгө ашырылып келген. Улуттук статистика комитети бул иш-чарага түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.
Жеке маалымат тарап кетпейби? Эл каттоо тууралуу суроолорго жооптор видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жеке маалымат тарап кетпейби? Эл каттоо тууралуу суроолорго жооптор видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0