Кытайдын түштүгүндө "омикрондун" жаңы түрү аныкталды

© AFP / HECTOR RETAMALШанхайдын көчөлөрүндүн бириндеги медицина кызматкерлери. Архив
Шанхайдын көчөлөрүндүн бириндеги медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясы 487 миллион адамга жугуп, 6,1 миллиондон ашык киши көз жумду.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Омикрон" штаммынын BA.1.1 деген жаңы варианты Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы Сучжоу шаарында табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча шаардык борбордун маалыматына караганда, илдеттин жаңы түрү 28-мартта аныкталган. Аны изилдеш үчүн убакыт керек экени айтылды.
Алгачкы жолу "омикрондун" жаңы түрү 2021-жылы Ботсвана менен Түштүк-Африка Республикасында табылып, вирус B.1.1.529 деп белгиленген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясы 487 миллион адамга жугуп, 6,1 миллиондон ашык киши көз жумган.
Инфекциондук ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жакшы кабар! Пандемия башталгандан бери өлкөдө биринчи жолу COVID катталган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0