АКШ Европаны да садага чабабы? Украина жагдайы

© REUTERS / CHRISTIAN MANGУкраинанын желегин көтөргөн кыз. Архив
Украинанын желегин көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Вашингтон керт башынын кызыкчылыгына жетүү үчүн Украинаны садага чаап келгени белгилүү. Европалык союздаштарын деле андан артык көрбөгөнү айдан ачык. Алар эми Европаны да Россия менен куралдуу жаңжалга тартууда.
Кошмо Штаттар Украина Куралдуу күчтөрүн оор аскердик техника жана адистер менен камсыздоого мажбурлоодо. Ошону менен бирге эле АКШ киевдик режимди узак жана кандуу согушка улам шыкактаганын койбойт деп кейийт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Ак үйдүн аппарат башчысы Рон Клейн 3-апрелде АКШнын баамында Украинадагы жаңжалдын жакын арада аяктабай турганын билдирди.
Клейн да Вашингтон Украинага аскердик жардам көрсөтөрүн улантарын ырастады. Ал эми тынчтык макулдашуусун түзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз да айтылган жок. АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да ар бир россиялык танктан коргонууга Украина Куралдуу күчтөрү НАТОлук стандарттагы "ондон ашуун танкка каршы тутумду" аларын маалымдады.
Ошентип Вашингтон НАТОдогу жакынкы союздаштары жана украиналык өнөктөштөрүн Россия менен акыркы танк калгыча жана он жылдап (Афганистанды эске салалы) күрөшүүгө түртүп жаткандай. Global Firepower дүйнөлүк аскердик күч рейтинги боюнча Россиянын 12 миңден ашуун танкы бар. Жамааттык Батыштын аскер-өнөр жай комплекси Украинада "Блинкендин пропорциясына" жетүү үчүн бир топ жыл күргүштөп иштөөгө туура келет.
АКШ Украинага 13 млрд. доллардан ашуун аскердик жардам көрсөтүүгө ниеттенген. Киевдик режим март айында гана ошол сумманын 10 пайызын, тагыраагы, 1,6 млрд. доллар алды. Эгер Украина мамлекеттүүлүгүн сактап калса, америкалыктардын курал боюнча насыяларынан XXII кылымга чейин кутулат.
Мындан сырткары, Кошмо Штаттар Украина Куралдуу күчтөрүнө Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн да жүздөгөн Т-72 танктарын жана башка ок өткөрбөс техникаларын берүү долбоорун ишке ашырууга тырышууда. Мисалга, Польша Варшава келишиминен бери Т-72 танкынын ар кыл модификациядагы 500дөй бирдигин, 1000ден ашуун BWP-1 (аскердик пехота машинасы лицензия боюнча ушундай аталышта чыгарылган). Варшава америкалык "Абрамс" танктарына буюртма берген. Зооттолгон техникаларынын эскилерин сатууну көздөйт.
Ошентсе да Украина менен Россиянын аскердик потенциалы асман менен жердей. Киевдик режимдин утулары турулуу иш, ал эми Украинаны дагы курал менен жабдуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарындагы курмандыктардын санын гана арттырат.
Twitter социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Фронт ар бир үйдө: жапырт жабыркатуучу заманбап куралдын курмандыктары
Украиналык президент Владимир Зеленскийдин америкалык кесиптеши Жозеф Байденге берген "буюртма" тизмегинде ок өткөрбөс оор техника, ыраак аралыкка багытталган артиллерия, С-300 тибиндеги абадан коргонуу тутумдары, ал тургай натолук сокку уруучу учактар да камтылат.
Ак үй Украинага көмөктөшүүгө болушунча жан үрөгөнү менен америкалык басма сөз ал жакка жөнөтүлгөн эски танк жана пехота машиналары Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик кубаттуулугун арттырбай турганын айтууда. Анан калса Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн мунайды кайра иштетүүчү жана мунай базаларына ракеталык соккуларынан соң күйүүчү майдын таңсыктыгы күч алууда. Технологиялык жактан эскирип бүткөн куралдар тек гана киевдик режимдин күнүн узарта алышы мүмкүн.
Ал эми Украинага заманга кыйла ылайык куралдар жана НАТОлук "ыктыярчылар" (адис-инструкторлор) жөнөтүлгөн күндө да Россиянын ракеталык таамай соккуларына кабылары ажеп эмес. Вашингтондун эркине карабастан АКШнын европалык союздаштары Россия менен прокси согушта чоң тобокелге барууну каалашпаган сыяктуу.
Танкка каршы коргонуучу 2650 "Матадор" реактивдүү гранатомётун берген Германия Украина Куралдуу күчтөрүнө июнь (?!) айына чейин дагы 2450 бирдикти жеткирүүнү пландоодо. Ошол эле учурда бул өлкө жүздөгөн эски Marder пехоталык унааларын берүүдөн баш тартууда. Ошондой эле ГДРден мураска алган "Стрела-2" көчмө зениттик ракеталык комплекстеринен Украинага 2700 бирдик убада кылган. Ал эми кечээ алардын 500ү гана оң экени белгилүү болду.
Британия азырынча Украинага кыйла оор куралдарды, анын ичинде өзү жүрүүчү AS-90 гаубицаларын берүү ниетин гана билдирип келет. Аталган державанын коргоо министри Бен Уоллес аскердик мүнөздөмөлөрү анчалык деле алкоого татырлык эмес Starstreak көчмө зениттик ракеталык комплексинин кошумча партиясын берүүгө сөз берген.
Лондон Одессага кемеге каршы Harpoon ракеталарын да, бирок кемесиз жөнөтүп жатса керек эле. Жээк "Гарпундары" жок экенин белгилей кетели. Бир кезде НАТОнун Аскер-деңиз күчтөрүнүн курамында кызмат өтөгөнү менен суу бетинде жүрүүчүлөрү 2000-жылдардын башында, ал эми суу түбүндөгүлөрү 1997-жылы эле эскилиги жеткен.
Батыш жөнөткөн куралдар арасында танкка каршы коргонуучу көчмө гранатомет жана чектелген аралыктагы зениттик ракеталык комплекстери басымдуулук кылат. Март айында Украина Куралдуу күчтөрү Батыштан 3800 "Жавелин", "Милан", "Конкурс" танкка каршы коргонуучу ракеталык комплексин, "Энлав", "Панцерфауст", "М-72" өңдүү танкка каршы кол гранатомётун, ошондой эле 897 "Стингер", "Игла" көчмө зениттик ракеталык комплексин жана 109 артиллериялык куралын алган. Бул тизмедегилердин көпчүлүгүн сактоо мөөнөтү өтүп же технологиялык чабалдыгынан улам жок кылынууга тийиш.
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи
Украинада химиялык курал колдонот деп жоромолдогон жоопкерчиликсиз америкалыктар Россияны жазалай турганын айтып опузалап турган убагы. Эсиңиздерге салсак, Россия мындай куралга ээлик кылбайт. АКШ коргоо министринин өзөктүк, химиялык жана биологиялык коргоо боюнча жардамчысы Дебора Розенблюм ушул айдын башында эле: "Россия президенти Владимир Путин химиялык, биологиялык же ал тургай өзөктүк курал пайдаланышы ыктымал", — деп билдирди.
Ирак жана Сирияда өздөштүрүлгөн "ак каскачандар" сценарийлери боюнча чагымчылдык жасала турган болсо, бүтүндөй жамааттык Батыш чындап жабыр тартып калышы мүмкүн. Себеби гипер үндүү жооп эле оңдурбайт. Буга Розенблюм чочулагандай дүйнөдөгү эң жогорку деп саналган РФтин өзөктүк потенциалын тартуунун деле кажети калбайт.
Ал ортодо россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилерин жана өнөктөштөрү камсыздаган куралдарынын таш-талканын чыгарууда. 24-февралдан берки атайын аскердик операциянын жүрүшүндө анын 125 учак, 91 тик учак, 392 учкучсуз аппарат, 226 зениттик ракеталык комплекси, 1936 танк жана ок өтпөс унаа, 211 залптык октун реактивдүү тутуму, 833 талаа артиллериясынын куралы жана миномёт, ошондой эле 1810 атайын автомобилдик техникасы жок кылынды.
Тизме дагы уланат, себеби Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы уланууда. Югославиялык Сребреница стилиндеги украиналык "сахналаштыруу" жазаланбай калбайт. Россияны чабалдатуу жана жалпысынан европалык атаандаштыкты жоюуну көздөгөн Вашингтон жеке кызыкчылыгы үчүн украиналык каатчылыкты пайдаланууда.
Ошентсе да дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү киевдик режимди жана АКШнын Россияга каршы санкцияларын колдобойт. Америкалык Foreign Policy басылмасы: "Көпчүлүктүн АКШнын Афганистандан Ирак жана Ливияга чейинки аскердик кийлигишүүлөрүнөн кийинки өлүмдөр жана кыйроолордон улам терең таарынычы бар. Африка өлкөлөрүнүн эч бири Россияга каршы санкцияларды колдогон жок". Украина бара-бара кадыресе дүйнөлүк коомчулукка кайтарын, украин калкына коопсуздукту Россия гана кепилдей аларын боолголойм.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Кытай ТИМи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай ТИМи АКШнын "кайсы бир тарапты жактоо" чакырыгын шылдыңга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0