Эки жылда мамлекеттик карызды тейлөөдө чыгым 18 млрд. сомго өсөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Соңку маалыматтар боюнча, мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 137,4 миллион сомду түздү, анын дээрлик көбү сырттан алынган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Алдыңкы үч жылда өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 145 миллиард 936,7 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн 2022-жылдагы бюджети менен 2023-2024-жылдарга берген божомолунда айтылды.
Тейлөө — бул өлкөнүн тышкы жана ички мамлекеттик карызынын негизги бөлүгүн жана пайыздарын төлөө. Жыл боюнча чыгымдар:
2022-жыл — 39 миллиард 528,2 миллион сом;
2023-жыл — 48 миллиард 152,8 миллион сом;
2024-жыл — 58 миллиард 255,7 миллион сом.
Белгилей кетсек, доллардын курсу кескин көтөрүлгөндө Финансы министрлиги бул жылы төлөмдөр 6 миллиард сомго өсүшү мүмкүндүгүн айткан. Бирок доллардын куну кайра түштү.
2020-жылы мамлекеттик карыздан кутулууга 30,7 миллиард сом сарпталган. Ал эми былтыр бул максатка 37,3 миллиард сом жумшоо пландалып, бирок кийин айрым карыздар боюнча кутулуу мөөнөтү узартылган. Жыйынтыгында төлөнгөн каражаттын көлөмү 29,5 миллиард сомду түзгөн.

Мамлекеттик карыздын көлөмү

Соңку маалыматтар боюнча (январдын аягы), мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 137,4 миллион сом. Анын ичинен 4,3 миллиард сырттан алынган. Акыркы жылдары төлөнгөн каражаттын көлөмү өсүп баратат.
Көз айнек жана сом. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
КРде депозиттердин саны экинчи ай катары менен кыскарууда. УБ себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0