Архитекторлор Бишкек курантынын тегерегин жакшыртууну сунуштады. Эскиздер

© Фото / ГП "Бишкекглавархитектура"Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги "Бишкек почтамттын" аймагын жакшыртууну сунуштап жатат
Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Бишкек почтамттын аймагын жакшыртууну сунуштап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
Маалыматта шаардыктар эс алып отура турчу шарттын жоктугунан улам транзиттик гана аймакка айланып калганы белгиленген.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги "Бишкек почтамттын" аймагын жакшыртууну сунуштап жатат.
Бул жер борбор калаанын чок ортосунда, эл арасында "Бишкек куранты" деп аталып калган чоң сааттын алдында жайгашкан.
Маалыматта шаардыктар эс алып отура турчу шарттын жоктугунан улам транзиттик гана аймакка айланып калганы белгиленген.
Долбоорго ылайык, декоративдүү плиталар алмаштырылып, көчө инфраструктурасы (отургуч, чырак орнотулуп, жашылдандырылат) жакшыртылат.
Талас облусунда курула турган мамлекеттик Атлах тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Таластагы болочок "Атлах" музейинин эскиздери
Жаңылыктар түрмөгү
0