Тажик тарап миномёт менен аткылоону токтотту. Жарадар аскердин абалы оор

© Sputnik / Виктор Антонюк / Медиабанкка өтүүМиномётко миналар
Миномётко миналар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Жазылуу
Буга чейин атышуудан КР Чек ара кызматынын бир аскери жарадар болгону айтылган. Учурда анын абалы оор деп бааланууда. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, операцияга даярдалып жатат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылоону токтотту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 12-апрелде, кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, андан соң тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы айтылган.

"Саат 22:15тер чамасында тажик тарап айылды аткылоону токтотту. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланууда. Буга чейин атышуудан КР Чек ара кызматынын бир аскери жарадар болгону айтылган. Учурда анын абалы оор деп бааланууда. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, операцияга даярдалып жатат", — деп жазылат маалыматта.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат.
Курал менен аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына кирип алган. Баткенде атышуу болду
Жаңылыктар түрмөгү
0