Путин: Батыштын санкциялары өзүндө болуп көрбөгөндөй кризисти жаратты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Президент Россия дагы көйгөйгө тушугуп жатканын, бирок муну жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана варианттардын пайда болушу катары карай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Европа менен Американын саясатчыларынын Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү чечими Батышта болуп көрбөгөндөй кризисти жаратты. Бул тууралуу президент Владимир Путин Арктиканы өнүктүрүү жыйынында билдирди.
"Айрым Батыш мамлекеттеринин кадимкидей кызматташтыктан, анын ичинде Россиянын энергия ресурстарынан баш тартышы миллиондогон европалыкты кыйынчылыкка кептеп, чыныгы энергетикалык кризисти жаратты. Бул көйгөй АКШда дагы байкалууда. Бардык жерде баа көтөрүлүп жатат, инфляция болуп көрбөгөндөй өстү. Бул мамлекеттер мындайга тушуга элек болчу", — деген Путин.
Президент Россия дагы көйгөйгө тушугуп жатканын, бирок муну жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана варианттардын пайда болушу катары карай турганын белгиледи.
Мамлекет башчынын айтымында, өлкө мунай, газ жана көмүрдүн ички керектөөсүн көбөйтүп, чийки затты дагы да иштетип, дүйнөнүн башка аймактарын деле энергия менен камсыздай алат.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратты.
Бир рубль тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Россия Батыштын дефолт жарыялоо аракетинин кесепетин санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0