Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кыйноо болду. Улуу Британия ишкерлери кымбатчылыкка нааразы

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүБош текчелери менен дүкөндө адам. Архив
Бош текчелери менен дүкөндө адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Логистикалык ырааттуу чынжырдын бузулушу Европа, АКШда экономикалык көйгөйлөрдү жаратты, биринчи иретте азык-түлүк менен май кымбаттады.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Британиянын экономикасы ондогон жылдардан бери кездеше элек көйгөйлөргө тушукту. Андан улам жергиликтүү компаниялар, керектөөчүлөр кирешенин кескин түшүшү жана кымбаттоонун ортосунда калгандыгын Sky News телеканалы баяндады.
"Товарлар, сырьё, өзгөчө энергоресурстар менен отун кымбаттады. Анын кесепети көп нерсеге, завод менен талаадан дүкөндөрдүн текчесине келе тургандардын баарына тийип жатат. Дагы жаман кабар, абал мындан да кыйын болот", — деп эскерткен журналист Пол Келсо.
Телеканалдын эфиринен J&B Wilde Fish & Poultry компаниясынын өкүлү жеткирүү жана дизелге кеткен чыгым эле айына 1,5 миң фунтка (160 миң сомдун тегереги) өскөнүн айткан.
"Азыр биз туш келип жаткан баалар кыйноо деп айтсак болот. Эмнеге баа көтөрүлүп жатат, эмне үчүн мындай болууда деп күн сайын сурашат. Себеби баары кеминде 25-30 эсеге жогорулагандыктан бизге да аны көтөрүүгө туура келип жатат", — деп нааразы болгон ал.
Лондондогу Grind кафелер тармагынын башчысы Дэвид Абрахамович анын бизнеси жогоркулардан сырткары айлыкты көтөрүүгө жана камсыздандыруу боюнча улуттук фондго төлөөгө туура келип жаткандыгын айтып берген.
Россиянын атайын операциясы: Батыш ооз ачпай турган нерселер. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын атайын операциясы: Батыш ооз ачпай турган нерселер. Видео
"Болуп көрбөгөндөй инфляция жумушчу күчүнөн тарта бардыгына күч келтирип жатат. Өткөн аптада жумушчу күчкө кеткен чыгым беш пайызга көтөрүлдү. Бул апрель айындагы биринчи кездешкен өзгөрүүлөр. Биз сатып алган кофенин товардык наркы мурдагыга салыштырганда эки жарым эсеге көтөрүлдү. Энергоресурстарга кеткен чыгымдар биз үчүн 50 пайызга өстү", — деди ал.
Батыш өлкөлөрү санкцияны Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификация боюнча атайын операциясынан кийин салды. Жаңы чектөөлөр негизинен банк жана жаңы технологиялар жаатында болду. Россиялык энергоресурстардан баш тартуу боюнча чакырыктар улам көбөйө баштады. Бирок логистикалык ырааттуу чынжырдын бузулушу Европа, АКШда экономикалык көйгөйлөрдү жаратты, биринчи иретте азык-түлүк менен май кымбаттады.
Улуу Британияда тарифтердин кымбатташы падышалыктын аймагы боюнча үй чарбаларына түйшүк жаратты. Эми элдин энергияга болгон ресурстары жылына орто эсеп менен 700 фунтка өсөрү айтылды.
Мунун баары 30 жыл ичинде инфляциянын рекордуна алып келди: февралда ал 6,2 пайызга жетти. Статистика боюнча кызмат Бириккен падышалыктын жашоочуларын сурамжылоого алганда жумшаган акчаны оңбогондой кыскартууга туура келип жаткандыгын айтышкан. Респонденттердин жарымы биринчи муктаждыкка кирбей турган товарларды албастыгын айтышкан, 34 пайызы газ, электр кубатына, 31 пайызы тамак-аш менен өтө зарыл деген товарларды алууда үнөмдөп жаткандыгын билдиришкен.
АКШ долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Япониялык экономист: РФ менен күрөш доллар үстөмдүгүн биротоло жоготушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0