Санарип сом качан киргизилет? Улуттук банктын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековСом монеталары. Архив
Сом монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанда санарип сомдун концепциясы сунушталып, Улуттук банк аны киргизүүнүн күнгөй-тескейин түшүндүргөн.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев санарип сом боюнча чечим бир катар талкуулардан кийин кабыл алынарын айтты.
Ал "Азыркы шартта Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүү" конференциясында сүйлөп жатып, көпчүлүк өлкөлөрдүн борбордук банктары санарип валютага басым жасап жатканын белгиледи. Ал эске салгандай, буга чейин санарип сомдун концепциясы сунушталган.
"Адистер менен кеңешкенден кийин гана Улуттук банк биздин экономика мындай жаңыланууга даяр же даяр эместигин аныктап, чечим кабыл алат", — деди башкы банктын жетекчиси.
Ошондой эле башчы ушул жылдын аягына чейин санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн алкагында финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана продуктулар үчүн базарларды ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.
Муну менен бирге электрондук кол тамганы колдонуунун мыйзамдык базасын калыптандыруу жана аны финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын санарип профили менен байланыштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул электрондук форматта толук кандуу тейлөөгө шарт түзөт.
Сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Улуттук банк санарип сом концепциясын иштеп чыкты. Артыкчылыгы жана тобокелдиги
Жаңылыктар түрмөгү
0