Өлкөдө жашоо былтыркыга салыштырмалуу 1 000 сомго кымбаттады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жашоо былтыркыга салыштырмалуу 16,7 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын I кварталында жашоо минимумунун орточо көлөмү 6 813 сомду түздү. Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилинде 5 840 сом деп белгиленген болчу.
Өлкө ичинде Жалал-Абад облусу жашоого эң кымбат аймак катары таанылды. Бул жакта жашоо үчүн киши башына бир айда 7 242 сом керектелет. Эң төмөнкү чен Талас облусунда — 6 364 сом.
Категориялар боюнча жашоо минимумунун көлөмү:
Эмгекке жөндөмдүү курактагылар — 7 616 сом;
Анын ичинен:
эркектер — 7 796;
аялдар — 7 474;
пенсионерлер — 6 066;
балдар — 5 796;
Анын ичинен:
7 жашка чейинкилер — 5 170;
7ден 14 жашка чейинкилер — 5 996;
14төн 17 жашка чейинкилер — 6 559.
Президент Садыр Жапаров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Садыр Жапаров: кырдаал начарлап кетиши мүмкүн, элди үнөмдүү болууга чакырам
Жаңылыктар түрмөгү
0