Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыздар Бишкекте гүлдөп турган жоогазындардын жанынан өтүп баратышат
Кыздар Бишкекте гүлдөп турган жоогазындардын жанынан өтүп баратышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Жазылуу
18-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Талас жергесинде +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +20...+25 градуска ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +31…+33 градуска көтөрүлөт.
Телефон кармаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Кайрадан кар жаайбы? Бир аптанын аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0