Байсалов: Акылбек Жапаровду сындашса күлкүм келет, ал — элибиздин бактысы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨкмөт башчы Акылбек Жапаров
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Жазылуу
Байсалов элди жакшылыктан үмүт кылып, эки Жапаровдун ден соолугун тилөөгө чакырды.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармак аркылуу билдирди.
Ал Жапаров боюнча сын же ушак угуп калса дароо эле күлкүсү келерин айткан.
"Бул киши тууралуу билип-билбей эле апыртып-көбүртүп сүйлөп, көрө албаган жана ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы — башкы вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Көптү айтып бергим келет, бирок азыр туура эмес болуп калат. Азыр туугандарыма айтарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку кара санатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот", — деп жазган Байсалов.
Ал постунун алдына Акылбек Жапаровдун өмүр баянын тиркеген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
5 эсе көп пенсия алышмак. Байсалов Соцфонд реформасын сындагандарга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0