"Министрлерге чалсак албай жатышат". Депутат Сулайманов президентке даттанды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
Эл өкүлү мамлекет башчынын "министрлерди көп чакырбагыла" деген сөзүн сыйлап, өкмөт мүчөлөрүн чакырбай калганын эске салды.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов министрлерге телефон чалса албай жатканын айтып президентке даттанды.
Эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынында президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.
"Буга чейин президентибиз Садыр Нуркожоевич "министрлерди көп чакырбагыла, убара кылбагыла, алардын орун басарлары келип тийиштүү суроолоруңарга жооп берет, бүт иштерди ошолор кылат" деди эле. Президентибиздин айтканын сыйлап министрлерди көп чакырбай калганбыз, бирок телефон аркылуу маанилүү маалыматтарды алалы десек, кээ бири жадагалса телефонун албай жатат. Ошого көңүл буруп койсоңуз. Өзүңүз тапшырма берип, телефонго жооп берип койгула деп коюңузчу", — деди Сулайманов.
Жыйында отурган президенттин парламенттеги өкүлү бул маселе боюнча депутатка жооп берген жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Атазовдун айыптоосу. Депутаттар парламенттеги коррупционерди "издеп" жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0