Министрлик: IKEA менен Zara Россиянын рыногуна кайтууга аракет кылууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиядагы IKEA дүкөнүнүн белгиси. Архив
Россиядагы IKEA дүкөнүнүн белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Zara брендинин продукциясы Москвадагы соода борборлордун бириндеги сатыгы эле Европадагыдан ашып кеткен.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Zara жана Bershka бренддерине ээлик кылган испаниялык Inditex компаниясы менен IKEA эмеректерин чыгарган швециялык өндүрүшчүлөр Россиянын рыногуна кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат. Бул тууралуу РФтин өнөр жай жана соода министринин орун басары Виктор Евтухов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алардын иш форматы өзгөчө. IKEA компаниясын кайталоо оор. Бирок алар "Мегаларды" иштетип жатышат. Эки "Меганын" курулушун улантышууда. Тагыраагы, алар курулушка салынган инвестицияны токтотуп коюшкан жок. IKEA инвестицияны өздөрү жасап, мегаборборлорду өздөрү курушкан. Мунун баарын таштап коюу аларга пайда алып келбейт", — деди Евтухов.
Орун басардын айтымында, Inditex компаниясы боюнча дагы абал ушундай эле.
"Алар товарларды убагында алып келүүгө мүмкүн эмес экенин, ал эми бир эле товарды сатуу туура эмес болуп каларын айтышты. Россиянын рыногу алар үчүн маанилүү экенин белгилешүүдө", — деди Евтухов.
Ал ошондой эле Zara брендинин продукциясы Москвадагы соода борборлордун бириндеги сатыгы эле Европадагыдан ашып кеткенин кошумчалаган.
"Мындан улам, албетте, алар биздин рынокко кайткылары келет. Эгер келишпесе биздин өндүрүшчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк жаралат", — деди Евтухов.
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германиялык экономист: инфляция еврону жок кылып жибериши мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0