Садыр Жапаров футбол турниринде ойнойт. Катышуучулар арасында элчи, ишкерлер бар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров футбол боюнча достук турниринде. Архив
Президент Садыр Жапаров футбол боюнча достук турниринде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Чемпиондук наам үчүн 12 команда ат салышат. Алардын арасында элчилер, аткаминерлер, мектеп директорлору, бизнесмендер жана дин өкүлдөрү бар.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 4-5-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын футбол союзу жана президенттик администрация уюштурган "Мурас" футбол мелдеши өтөт. Ага президент Садыр Жапаров да катышарын мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, улуттук футболдун 100 жылдыгына арналган бул турнир жылына эки жолу өткөрүлөрүн Жапаров билдирген.
Бул жолу чемпиондук наам үчүн 12 команда ат салышат:
1.
"Президенттик аппарат" (жетекчиси Жапаров);
2.
"Өнөр" (маданият ишмерлери);
3.
"Бизнес" (бизнес коомчулугунун өкүлдөрү);
4.
"Журналист" (ЖМК өкүлдөрү);
5.
"Алга" (ата мекендик футболдун ардагерлери);
6.
"Спорттук федерациялар" (спорттук федерациялардын жетекчилери);
7.
"Жогорку Кеңеш" (парламенттин депутаттары);
8.
"Аймактар" (президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери);
9.
"Ыйман" (дин өкүлдөрү);
10.
"Элчилер" (чет мамлекеттердин элчилери);
11.
"Ден соолук" (башкы дарыгерлер жана ооруканалардын башчылары);
12.
"Билим" (мектептердин директорлору жана жогорку окуу жайларынын ректорлору).
Турнир Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын түз эфиринде жана КТРК "Спорт" телеканалы аркылуу көрсөтүлөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында КР спортчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Кыргызстандыктар улуттук курама команданын формасын тандай алат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0