Си Цзиньпин: орой күч саясаты менен гегемонизм тынчтыкты коркунучка кептөөдө

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүКытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Ал кош стандарттуу саясат менен бир тараптуу санкцияларды кыянаттык менен пайдалануудан баш тартуу керектигин айткан.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бүт дүйнө бир кемеде бир тагдыр менен сүзөт. Ал кемедеги кайсы бир мамлекетти сууга таштап салуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Боаодо өтүп жаткан Азия экономикалык форумунда видеокайрылуу жасап жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Дүйнөнүн бардык мамлекеттери бир тагдыр менен бир чоң кемеде сүзөт. Эгер алар күчтүү толкундан өтүп, жаркын жашоого жолду улайбыз дегидей болсо, бир багытты көздөй бет алышы керек. Кимдир бирөөнү сууга түртүп жиберүү мүмкүн эмес", — деген Си Цзиньпин.
Мындан тышкары, ал кош стандарттуу саясат жана бир тараптуу санкцияларды кыянаттык менен пайдалануудан баш тартуу керектигин айткан.
Си Цзиньпин мамлекеттер ортосундагы талаш жана пикир келишпестикти тынчтык, диалог, консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечүү керектигин белгилеген. Ал согуш, гегемонизм (үстөмчүлүк) бүтүндөй дүйнө жүзүндө тынчтык менен коопсуздукту кыйрата турганына да токтолгон.
"Фактылар дагы бир жолу согуштун менталитети глобалдык тынчтыктын негиздерин кыйрата турганын далилдеди. Ал эми орой күч саясаты менен гегемонизм дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты коркунучка кептөөдө", — деген Кытай башчысы.
Азия экономикалык форуму шаршемби күнү башталган. 22-апрелге чейин созула турчу иш-чара "COVID-19 шартындагы жана андан кийинки тынчтык. Жалпы келечек үчүн биргелешкен иш" деген девиз алдында өтүүдө.
Украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай басылмасы: АКШ Украинадагы чатак көпкө чейин созулса деген ниетте
Жаңылыктар түрмөгү
0