ЖМК: Сауд Аравиянын ханзаадалары акчанын айынан мүлкүн сатып жатат

© AFP / FAYEZ NURELDINEСауд Аравия риалын санап жаткан киши. Архив
Сауд Аравия риалын санап жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Бир жагынан каржы маселеси болсо, экинчиден, династиянын мүчөлөрү мураскор ханзааданын көңүлүн өздөрүнө бурдурбоо үчүн азыраак активге ээ болууну оң көрүшөт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Сауд Аравияны башкарган династиянын айрым ханзаадалары каржы көйгөйүнө байланыштуу АКШ жана Европадагы кыймылсыз мүлкү менен яхталарын сатып жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal гезити жазганын РИА Новости билдирди.
Басылмага маалымат берген адамдын айтымында, үй-бүлө мүчөлөрү королдуктун сыртындагы активдерден мураскор ханзаада Мухаммед бен Салман акчаны үнөмдөөнү чечкендиктен арылып жатканын билдирген.
Макалада соңку жылдары алар жалпы суммасы 600 миллион долларга айланган кыймылсыз мүлк, яхта жана искусство чыгармаларын сатканы белгилүү болду. Маалымат булактары учак менен кемени токтоткон жайга, мүлктү тейлөөгө жана салыкты төгүүгө көп каражат талап кылынарын белгилеген.
Мындан сырткары, династиянын мүчөлөрү мураскор ханзааданын көңүлүн өздөрүнө бурдурбоо үчүн азыраак активге ээ болууну оң көрүшөт.
Ошондой эле мурда Сауд Аравиянын Чалгын кызматын башкарган ханзаада Бандар бен Султан былтыр Улуу Британиядагы ири жер аянтын 155 миллион долларга сатканы белгилүү болгон.
Гезитке маалымат берген адамдын билдиришинче, ханзаадалар Мухаммед бен Салмандан кооптонгон жайы бар. Анткени өздөрү иштебегени менен жалдаган кызматкерлери ого эле көп.
Дублинде жаран менен сүйлөшүү учурунда полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Ирландияда кымбатчылыктан улам айдоочуларды күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0