Сот Атамбаевге кардиология борборунан кароодон өтүүгө уруксат берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчынын өкүлүнүн айтымында, адистер ушул жумада кароодон өткөрөт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевди Улуттук кардиология жана терапия борборунан медициналык кароодон өтүүгө уруксат берди. Бул туурасында Sputnik агенттигине анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун судьясы бүгүн жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган. Атамбаевдин саламаттыгы кардиолог, невролог жана нейрохирургдардын катышуусунда текшерилет.
Буга чейин Атамбаев башка адистерди тартууну талап кылып, абактагы ооруканада кароодон өтпөй койгон. Ден соолугу начарлаганын айтып сот жараянына катышуудан баш тартууда. Аны мажбурлап алып келгенде чуу салып, бир нече ирет залдан кайра чыгарылган.
Учурда саясатчы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында кармалууда. Ага чейин Бишкектеги №47 абактын ооруканасында жаткан.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
"Симулянт эмесмин!" Атамбаевдин сотто кабинаны тепкилеп кайра чуу салган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0