Австрия Россияга газдын акысын рубль менен төлөө шартына макул болду

© Sputnik / СтрингерАвстрия канцлери Карл Нехаммер
Австрия канцлери Карл Нехаммер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Эскерте кетсек, "Газпром" бүгүндөн тарта Польша менен Болгарияга газ берүүнү токтотту.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Австрия Россиянын газ төлөмдөрү боюнча жаңы шартына макул болгонун өлкөнүн канцлери Карл Нехаммер билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын билдиргенине караганда, Путин газ коопсуз жеткирилерин айткан жана Австрия үчүн абал өзгөргөн эмес.
Россиянын көгүлтүр отун Болгария менен Польшага берүү токтотулгандыгына комментарий берип жатып Австрия канцлери бул эки өлкө төлөм боюнча жаңы шартты четке какканын белгиледи.
"Биз (австриялык нефть газ компаниясы), OMV, төлөм боюнча шартты кабыл алдык, Германия да ушундай кылды… Бул биз үчүн маанилүү эле, андыктан сүйлөшүү учурунда (Нехаммердин Москвага жасаган визитинин маалында) Путин газ берүү уланарын жана аны евро менен төлөсө болорун айткан. Бул кырдаал биз үчүн өзгөрүлгөн жок", — деген Нехаммер Венада берген маалымат жыйын учурунда.
Белгилей кетсек, Россия 1-апрелден тарта касын тиккен өлкөлөрдөн газ үчүн төлөмдү башкача шартта кабыл ала баштады. Мындай кадам доллар менен еврону четтетүү аракетинен улам жасалууда. Президенттин жарлыгына ылайык, Газпромбанк валюталык жана рублдик атайын эсептерди ачышы керек. Сатыл алчу тарап биринчи эсепке тиешелүү сумманы валюта менен төлөйт. Банк аны Москва биржасына сатып, экинчи эсепке каражатты рубль менен которот. "Газпром" товары үчүн эсептешүү дал ушул жерден жүргүзөт.
Россия газынан баш тартуу Германиянын бардык тармактарында тартыштыкты жаратарын өнөр жай өкүлдөрү айтып, коңгуроо каккан.
Газды кайра иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Медведев: Европа Россиянын газы болбосо бир жума да жашай албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0