Кесиптик лицейлерди өзүн-өзү каржылоого өткөрүү мыйзам долбоору сунушталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКесиптик лицейдин окуучусу. Архив
Кесиптик лицейдин окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Демилгечилердин пикиринде, мыйзам жүзөгө ашса региондордо ишкердиктин өсүшүнө шарт болуп, жумуш орундары түзүлө баштамак.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кесиптик лицейлерге каржылык эркиндик берүү жана сапатын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечилердин бири депутат Жанар Акаевдин айтымында, учурдагы укуктук актыларда лицейлер тапкан каражатын өнүгүүгө жумшай албайт.

"Бул мыйзам өтсө кесиптик-техникалык окуу жайлар өзү үчүн өзү иштеп баштайт, стимул пайда болот. Мамлекеттик бюджеттен каражат албай өздөрү материалдык-техникалык базасын жакшыртып, окуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Региондордо ишкердиктин өсүшүнө шарт түзүлүп, жумуш орундары пайда болмок. Кесиптик лицейлер финансылык туруктуулукка жетишсе айыл жаштарын ишкерликке тарткан борбор болуп калмак. Мунун баары региондордун өнүгүшүнө түрткү берет", — деди Акаев.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө эмгек рыногу кызмат көрсөтүүчү кесиптерге муктаж болуп турганын белгилеген. Лицейлер кыска убакытта IT адиси, ширеткич, сантехник, тигүүчү, автомеханик, ашпозчу, чач-тарач сыяктуу эң керектүү кесиптик билимдерди берет. Бирок ал окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы эскирген жана кесипкөй мугалимдер көп келе бербейт.
29-апрель күнү Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбооруна коомдук талкуу уюштурулуп жатат. Каалоочулар барып катышса болот.
Суроолор боюнча 0(312) 638527 номери же arturatakul@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылуу сунушталат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Радио
Жекшенов: 27-апрелде болчу иш жарманкесинде 6 миң вакансия сунушталат
Жаңылыктар түрмөгү
0