Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Садыбакас уулу: кыргыз бийчилери Орто Азияда алдыңкы сапта турат

© Sputnik / Табылды КадырбековНурдин Түгөлов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинин бийчиси Кенжебек Садыбакас уулу
Нурдин Түгөлов атындагы Ак-Марал мамлекеттик бий ансамблинин бийчиси Кенжебек Садыбакас уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
Нурдин Түгөлов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинин бийчиси Кенжебек Садыбакас уулу кыргыз бийчилери Орто Азияда алдыңкы сапта туруп, эл аралык фестивалдарда көбүн таң калтырарын айтты.
Кыргызстанда бий өнөрүнө маани берилип, көңүл бурулса улуттун маданиятын, каадасын, бай тарыхын бий аркылуу дүйнөгө таанытууга мүмкүн. Анткени бий элементтери биздин жашоо-турмушубузду чагылдырып, көпчүлүктү кызыктырат. Бул тууралуу Кенжебек Садыбакас уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Садыбакас уулу: кыргыз бийчилери Орто Азияда алдыңкы сапта турат
Анын айтымында, өлкөнүн хореографиялык окуу жайларында мыкты педагогдор иштеп, жакшы бийчилерди даярдап чыгарууда.
"Кыргызстанда бий ансамблдеринин арасында "Ак-Марал" негизги көзгө басар топ. Мамлекеттик ансамбль болгондуктан республикадагы, чет өлкөлөрдөгү ири иш-чараларга катышып келет. Кыргыз бийчилери Орто Азияда сап башында турат. Ал эми КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы беш өлкөнүн катарында. Биринчиде Россиянын Игорь Моисеев атындагы элдик бий ансамбли турат. Алар узак жылдар бою мыкты репертуарларды тартуулап, үлгү көрсөтүп келишет. "Ак-Марал" бий ансамблинин бийик даражага жетишине 1983-жылдан 2014-жылга чейин бул топту жетектеген КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелисбек Асылбашевдин салымы абдан чоң", — деди Садыбакас уулу.
Ошондой эле адис бий өнөрүн изилдеген адистердин саны көбөйсө дагы жаңы ачылыштар, багыттар аныкталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0