Салыкты убагында төлөбөгөндөр кандай жазага тартылат? Тизме

© Пресс-служба правительства КРМамлекеттик салык кызматы. Архив
Мамлекеттик салык кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы элге кайрылып, жагымсыз окуяларга кабылбаш үчүн салыкты өз учурунда төлөөгө чакырат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн убагында төкпөгөндөргө кандай чара көрүлөрүн эске салды.
Учурда салык органдары карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз берүү менен алектенүүдө. Салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдер боюнча сот аткаруучулар карызы бар жарандарды мажбурлай баштайт.
Кандай чаралар көрүлөт:
карызкордун банктагы эсептери, баалуу кагаздары, мүлкү камакка алынат;
Кыргызстандан чыгууга убактылуу тыюу салынат;
кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салынат;
банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат;
карызкордун аты-жөнүн жана башка паспорттук маалыматтарын алмаштырууга тыюу салынат;
лотереялык утуштарды, белектерди, материалдык жардам же мурас катары алынган акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат.
Мындан тышкары, соттун салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдери боюнча мамлекеттик алымды төлөө милдети салык төлөөчүгө жүктөлөт.
Андыктан Мамлекеттик салык кызматы элге кайрылып, жагымсыз окуяларга кабылбаш үчүн салыкты өз учурунда төлөөгө чакырат.
Отсатавкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Радио
Салиев: экономикалык кылмыштарды прокуратура, УКМК тергейт
Жаңылыктар түрмөгү
0