Кымбатчылыктан улам кайсы өлкөлөрдө башаламандык болору айтылды

© AFP / YASUYOSHI CHIBAСомалидеги лагерде тамак-аш берүү. Архив
Сомалидеги лагерде тамак-аш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
Бай мамлекеттер азык-түлүктүн ири запасын камдап алууга умтулуп, көптөгөн өндүрүүчү өлкөлөр экспортту чектей башташы мүмкүн.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Адистер азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу жакында бир катар өлкөлөрдө башаламандык болорун болжолдошууда. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги жазды.
"Украинадагы окуялардан жана Батыштын Москвага каршы санкцияларынан улам азык-түлүктүн кымбатташынын кесепети эми чындап билине баштайт. 2022-жылдын акырына чейин 100 миллиондон ашык адам ачарчылыкка кептелип, жарандык толкундоолор Жакынкы Чыгыш менен Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө башталышы мүмкүн", — деди Канададагы Делхузи университетинин профессору Сильван Шарлебоа.
Анын айтымында, бай мамлекеттер азык-түлүктүн ири запасын камдап алууга умтулуп, көптөгөн өндүрүүчү өлкөлөр экспортту чектей башташы мүмкүн.
Ошондой эле дүйнө коомунун көңүл чордонунда турган Украина менен Россия бир топ маанилүү тамак-ашты, мисалы, буудай, суу май, жүгөрүнү экспорттоо боюнча алдыңкы орундарда турганы айтылат. Ал тургай Россия жер семирткичтердин экспортеру катары дүйнөдө үчүнчү сапта.
Россия газын ЕБге ташыган куур. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Европада Россия газы боюнча ача пикирлерден улам ажырым боло баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0