Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
2-майда түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +18…+23 градуска жогорулайт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбордо +29…+31, Ош калаасында +30…+32 градусту көрсөтөт.
Кыз жоогазындарды карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Майдын алгачкы аптасына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0