Германия азык-түлүк жаатында инфляцияны баштан кечирүүдө

© AFP / INA FASSBENDERГерманиядагы супермаркетиндеги кардар. Архивдик сүрөт
Германиядагы супермаркетиндеги кардар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Өзгөчө калктын кирешени аз тапкан бөлүгү катуу кыйналып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Германия тамак-аш азыктары тармагында инфляциялык шокту баштан кечирүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү Handelsblatt гезити жазды.
Басылма белгилегендей, азык-түлүктүн баасы март айында 6 пайыздан ашык көтөрүлүп, жер жемиштер 14 пайызга, суу май 17 пайызга кымбаттаган. Эксперттер баанын өсүшү ушуну менен эле токтоп калбайт деген пикирин айтууда.
“Биз тамак-ашты чекене соодалоо секторунда инфляциялык шокту баштан кечирип жатабыз. Өзгөчө калктын кирешени аз тапкан бөлүгү катуу кыйналууда”, — деди EY-Parthenon консалтинг компаниясынын өнөктөшү Чехаб Вахби.
GfK изилдөөчү компаниясынын аналитиктеринин маалыматы боюнча, керектөөчүлөрдүн 85 пайызы күнүмдүк тиричилик товарларына болгон баа дагы да өсөт деп божомолдоп жатышат. Украинадагы кризиске чейин бул көрсөткүч 77 пайызды түзгөн болчу.
Мындан сырткары, Handelsblatt Германияда керектөөчүлөрдүн климаты начарлап жатканы белгилеген. Ал эми GfK майда керектөөчүлөр климатынын индекси 26,5 пунктка түшүп, эң төмөнкү көрсөткүчкө жетерин божомолдоп атат.
GfK компаниясынын тармактык эксперти Роберт Кечкес кымбатчылыктын кесепетинин керектөөчүлөрдүн капчыгы жукарып атканын билдирген.
Москва шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
FT: Россиядан кеткен Батыштын бир эле компаниясы 3,1 млрд. евро жоготту
Жаңылыктар түрмөгү
0