Садыр Жапаров: "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков "Өлбөс полк" жүрүшү. Архивдик сүрөт
 Өлбөс полк жүрүшү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Президент өзү Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр ата-бабаларды эскерүү иш-чарасына катышарын айтты.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согушка СССРдин 15 өлкөсү тең катышканын эске салды. Ал согушка Кыргызстандан 365 миңден ашуун жаран аттанып, болжол менен 100 миңден ашыгы кайтпай калганын белгиледи.
"Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Жыл сайын Жеңиш күнүн майрамдашат, "Өлбөс полк" аттуу жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. "Тарыхын билбеген элдин келечеги жок" деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент өзү жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр ата-бабаларды эскерүү иш-чарасына катышарын айтты.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Садыр Жапаров: адал эмгек менен келечекти кура алабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0