Садыр Жапаровдун командасы футбол турниринде жарым финалга чыкты

  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Жазылуу
Тайпалык оюндарда президенттик администрациянын командасы эки ирет жеңишти камсыздады.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун командасы футбол боюнча "Мурас" достук мелдешинин жарым финалына чыкты.
Турнир бүгүн башталган. Жалпы 12 команда ат салышууда.
Президенттик администрациянын командасы "Жогорку Кеңеш" жана "Ден соолук" командаларын 4:1 жана 4:0 упай эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан. Анда "Спорттук федерациялардын" командасы менен ойногон. Беттеш 2:2 упай менен аяктаган, бирок Жапаровдун командасы пенальти сериясында жеңүүчү болгон.
Мелдеш эртең, 5-майда, уланат. Турнир түз эфирден КТРК жана КТРК Спорт телеканалдарында 12:00дө көрсөтүлөт.
Футболчулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кыргыз футболу кантип түптөлгөн? Архивдик видео
Жаңылыктар түрмөгү
0