Бишкек менен Ошто 9-майда 200 адам катышкан "Эскерүү эстафетасы" уюштурулат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖарыштын катышуучулары. Архив
Жарыштын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Жазылуу
Эстафетага каттоо саат 8:00дө башталып, саат 10:00дө чуркоого старт берилет.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган жеңил атлетика боюнча "Эскерүү эстафетасы" өтөт.
Иш-чараны УКМКнын "Альфа" антитеррордук бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы, Кыргызстандын Аскердик-тактикалык оюндар федерациясы жана "Женген" Эл аралык фонду" биргелешип уюштурууда.
Эстафетага жогорку окуу жайларынын командалары, чуркоо ышкыбоздору, Бишкектин дене тарбия жамааты жана шаар тургундарынан турган 200дөн ашык адам катышат.
Максаты — Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш алып келген баатырлардын эрдигин унутпай даңазалоо жана жаңы муунду өз өлкөсүнүн патриоту кылып тарбиялоо.
Ушундай эле иш-чара 9-майда Ош шаарында да өткөрүлөт.
"Эскерүү эстафетасын" келечекте жыл сайын өткөрүп, жакынкы кошуна өлкөлөрдө да уюштуруу пландалып жатат.
Чуркоонун Бишкектеги маршруту төрт чакырым. "Дене тарбия" скверинен (Жантөшев — Байтик баатыр көчөлөрү) Фрунзе — Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин болот. Фиништен ары "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко келип "Өлбөс полктун" курамына Жеңиш туусу менен кошулушат.
Эстафетага каттоо саат 8:00дө башталып, саат 10:00дө чуркоого старт берилет. Каалоочулар 0555965545 номери аркылуу байланыша алат.
Эмгек министри Базарбаев согуш ардагерин куттуктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Эмгек министри Базарбаев согуш ардагерин куттуктады. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0