Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктары эскерилди. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги Улуу Ата Мекендик согушка арналган митинг-реквием
Бишкектеги Улуу Ата Мекендик согушка арналган митинг-реквием - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Жазылуу
Иш-чара бир мүнөттүк аза күтүү менен башталып, курман болгон жоокерлердин мемориалына гүл коюлду.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарында Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Иш-чарага согуштун ардагерлери, борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, вице-мэр Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.
"Эскерүү бир мүнөттүк аза күтүү менен башталып, курман болгон жоокерлердин мемориалына гүл коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, бул көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согушта жаракат алган кыргыз, орус, украин, беларусь, казак жана башка элдердин 248 мыкты уулдарынын сөөгү коюлган.
Жеңиш күнүнө арналган автожүрүш  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2022
Жеңиш күнүнө арналган автожүрүш Бишкектен Сокулукка чейин уланды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0