Ишембиге карата аба ырайы

© AP Photo / David ZalubowskiЖаан учурунда кол чатыр менен аял. Архив
Жаан учурунда кол чатыр менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Жазылуу
7-майга караган түнү тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ишемби күндүз республиканын аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл, Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +28...+30 градуска жетет.
Кандай кооз! Бишкектин четиндеги кызгалдактуу талаанын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Кандай кооз! Бишкектин четиндеги кызгалдактуу талаанын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0