Жапаров Дача СУ окуясы иликтенерин айтып, комиссияга каалоочуларды чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековДача СУда кулаган учактын сыныктары. Архив
Дача СУда кулаган учактын сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Президент иликтөөгө катышууну каалагандар администрациянын Укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов менен байланыша аларын айткан.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатканын айтып, аны иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ош окуясын иликтөө боюнча да билдирди.

"Урматтуу кыргызстандыктар, эл койгон негизги талаптардын сап башында "Ош окуясы менен Дача СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле" деген талап болгон. "Ош окуясын иликтөө аяктап калды" деп маалымат беришти. Жакында иш сотко өтөт экен. Ал эми Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. "Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким, көп нерселерди жашырып коюп жатабы" деген маалымат беришти. Ошондуктан коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз", — деп жазган Жапаров.

Ал иликтөөгө катышууну каалагандар администрациянын Укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов менен байланыша аларын айтып, 0312 625026 телефон номерин жарыялаган.
Эскерте кетсек, Дача СУ каргашасы 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Анын кесепетинен айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Дача-СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2021
Дача СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры
Жаңылыктар түрмөгү
0