Украинада көз жумган 18 жаштагы РФ Баатырынын атасы "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүМосквадагы "Өлбөс полк" акциясы
Москвадагы Өлбөс полк акциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Жазылуу
Жоокер душмандын көңүлүн өзүнө буруп, башка аскерлердин өмүрүн сактап калган.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Украинада каза болгон Россиянын эң жаш баатырынын атасы "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Энгельс Гаджимагомедов Украинадагы атайын операция учурунда аскердик милдетин өтөп жатып каза болгон уулу Нурмагомеддин портретин көтөрүп чыгат. Гаджимагомедовдордун үй-бүлөсүндө аскер адамдары көп. Мисалы, Энгельс Гаджимагомедов өзү полковник болсо, анын атасы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
"Атам согушту көргөн адам катары небереси Нурмагомедге ар дайым калыс бол, чынчыл бол деп үйрөтчү", — деди ал.
Анын айтымында, уулу Нурмагомед Рязань жогорку десанттык командалык окуу жайында окуган.
247-гвардиялык десанттык-чабуулчу полкунун ротасынын командири, улук лейтенант Нурмагомед Гаджимагомедов 24-февралда баатырларча курман болгон. Гаджимагомедов кол салгандарга ок чыгарып, алардын көңүлүн өзүнө бурган. Бул Россия аскерлерине ар тараптуу коргонуусун бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Оор жаракат алган жоокер душмандар тарабынан курчоого алынган. Ошол ирмемде ал өзүн жана жакын жерде турган украиналык согушкерлерди акыркы граната менен жардырган.
Нурмагомедге президенттин жарлыгы менен 3-март күнү Россиянын Баатыры наамы ыйгарылган.
Ош шаарында Өлбөс полк жүрүшүнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Ош шаарында дагы "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0