Германиянын VNG компаниясы газ акысын Россия айткандай төлөөгө макул болду

© AP Photo / ECKEHARD SCHULZVNG компаниясынын газ сактоочу жайы. Архив
VNG компаниясынын газ сактоочу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Германиялык VNG компаниясы газ акысын төлөө максатында Газпромбанкка рублге айландыруу үчүн евро жөнөтүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып жазды.
"Биз мурда евро менен көрсөтүлгөн сумманы Газпромбанктын эсебине пландалган процедурага ылайыкташтырып төлөйбүз. Аны продукцияны берген тараптын көгүлтүр от менен өз убагында камсыздоо кепилдиги менен кошо жасайбыз деген максаттабыз", — деген компания.
VNG ишканасынан еврону рублге алмаштырууда татаалдыктар жаралбайт деген ишенимин билдиришти.
"Жок дегенде эсепти маселеси жок ачып алдык", — деп айтышкан алар.
Анткен менен агенттик "VNG Газпромбанкта рубль менен да, евро менен да, эки эсеп ачты беле?" деген суроого так жооп берген эмес. Компания санкциялык мыйзамдарга ылайыктап, Германиядагы экономикалык туруктуулукту жана газ жеткирүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөрүн айтты.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Европада россиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштады. Анткен менен технологиялык чынжырчанын бузулушу Европа менен АКШда экономикалык көйгөй жаратып, тамак-аш жана отун ресурстары кымбаттады.
Батыш санкцияларынын күчөгөн учурдун фонунда Россия касташкан мамлекеттерге берген газдын акчасын рубль менен алмай болгон. Газпромбанк чет элдик сатуучулар үчүн валюталык жана рублдик эсептерди ачары айтылган. Алар биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөндөй, валюта менен которот, банк аны Мосбиржада сатат да, андан кийин гана берген тарап менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.
"Чоң жетиликтин" өлкөлөрү Москванын бул позициясы менен макул эмес жана көгүлтүр оттун акысын рубль менен талап кылуу келишимди бир тараптуу бузгандык деп эсептейт. Кремлден буга "акча төлөнбөсө газ да болбойт" деп жооп беришкен.
Болгария менен Польша бул системага өтүүдөн баш тарткан. Ал эми "Газпром" 27-апрелден тарта акча төлөбөгөнү үчүн бул өлкөлөргө кеткен газды бууган. Анткен менен Блумберг европалык онго жакын мамлекет Газпромбанктан эсеп ачып, ал эми төрт мамлекет рубль менен төлөгөндүгүн жазган эле.
Сенатор Алексей Пушков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Россия газынан баш тарткан Польша аны Германиядан реверсиялап алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0