Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Теолог хиджабды кимдер кандай учурда кийиши керектигин айтты

© Фото / предоставлено Элмуратом Кочкор уулуТеолог Элмурат Кочкор уулу
Теолог Элмурат Кочкор уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жазылуу
Теолог Элмурат Кочкор уулу азыркы коомдо чын ыкласынан кудайдын жолунда жашоо менен кудай зарыкпаган кошоматчылыкты жасоону айырмалоо кыйынга туруп баратканын айтты.
Куранда кыз бала тогуз жашынан хиджаб кийсин деп жазылган эмес. Бул тууралуу Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Теолог хиджабды кимдер кандай учурда кийиши керектигин айтты
Анын айтымында, хиджаб кийүү маданияты адамдын дене боюндагы уяттуу жерлерин жаап жүрүү максатында гана келип чыккан.
"Хиджаб, бул жөнөкөй тил менен айтканда, дене бойду жаап жүрүү дегенди гана түшүндүрөт. Башкача айтканда, ыңгайлуу, адам келбетиндеги уяттуу жерлерин жапкан кийим. Ислам дини арабдарга жайылып жаткан мезгилде ошол коомдун аялдары мойнуна жоолук ороп бирок көкүрөгүнүн көбүрөк бөлүгүн ачып жүрүшкөн болот. Мухаммед пайгамбар Кудайдын буйругу менен мына ушул нерседен арылууну гана сунуштаган. Албетте, бул эреже бой жеткен кыздарга карата айтылган. Ал эми кайсы курак экени Куранда так көрсөтүлгөн эмес. Тагыраак айтканда, кыз бала тогуз жаштан, эркектер 12синде балакатка жетет, анан кыздар хиджаб кийсин деген буйрук жок. Мындай нерселерди эреже катары киргизгендер кудайга кошоматчылык менен кудай жолунда жашоону айырмалай албай калгандар деп ойлойм. Ар ким географиялык, улуттук, климаттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап, ар башка куракта балакатка жетти деп эсептелиши мүмкүн. Тогуз жаштагы кыз бойго жетмек тургай али бөбөк десек жарашат. Кантип анан ушул курактагы кыздарды хиджаб кийсин деп мажбурлайбыз? Эгер эркектер "ушул тогуз жаштагы кызды көрүп менин ойлорум бузулуп кетип жатат" дей турган болсо, анда биз кыздарыбызга хиджаб кийгизмек турсун, беш кабат оросок да бузулган ой өзгөрбөйт. Анда биз өзүбүздү оңдоону тээ түп-тамырынан башташыбыз керек болот", — деди Элмурат уулу.
Теолог хиджабдын элементтери улуттук жана ислам дининин ар кайсы багыттарына карап айырмаланарын, бул жалпы эреже эместигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0