Акылбек Жапаров Германиядан кайтып келип кызматына киришти

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандан бир жума мурда учуп кеткен.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядан учуп келип, кызматына киришти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын өлкөгө качан учуп келгени айтылган жок, бирок аппараттык жыйын өткөрүүгө жетишкени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 28-апрелде Жапаровго жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деген диагноз коюлуп Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
30-апрель күнү Акылбек Жапаров ооруканадан чыгып, кызматына киришкени кабарланган. Ал эми 3-май күнү Жапаров Германияга дарыланууга учуп кеткен эле.
 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык 10-жыйынга катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Талкууланган маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0