"Беш китептин бет ачары": Абдыкерим Муратовдун китептеринин таанытымы өттү

© Фото / Эльвира КакиеваПедагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Беш китептин бет ачары" аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү
Педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун Беш китептин бет ачары аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Китеп таанытымга маданият, адабият жаатындагы ишмерлер, казак акыны Саят Камшыгер баш болгон акын-жазуучулар катышты.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Беш китептин бет ачары" аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү.
© Фото / Эльвира Какиева

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Беш китептин бет ачары" аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Беш китептин бет ачары" аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Беш китептин бет ачары" аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү

© Фото / Эльвира Какиева

Муратовдун чыгармаларынын күйөрмандары үчүн адабият майрамына айланып, кызыктуу суроо-жооптор болду

Муратовдун чыгармаларынын күйөрмандары үчүн адабият майрамына айланып, кызыктуу суроо-жооптор болду - Sputnik Кыргызстан
2/3

Муратовдун чыгармаларынын күйөрмандары үчүн адабият майрамына айланып, кызыктуу суроо-жооптор болду

© Фото / Эльвира Какиева

Көп кырдуу бул инсандын чыгармаларынын жазылышы, адабияттагы чыйыры жана каармандары тууралуу кеп жүрдү

Көп кырдуу бул инсандын чыгармаларынын жазылышы, адабияттагы чыйыры жана каармандары тууралуу кеп жүрдү - Sputnik Кыргызстан
3/3

Көп кырдуу бул инсандын чыгармаларынын жазылышы, адабияттагы чыйыры жана каармандары тууралуу кеп жүрдү

1/3

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Беш китептин бет ачары" аттуу соңку жылдары чыккан китептеринин таанытымы өттү

2/3

Муратовдун чыгармаларынын күйөрмандары үчүн адабият майрамына айланып, кызыктуу суроо-жооптор болду

3/3

Көп кырдуу бул инсандын чыгармаларынын жазылышы, адабияттагы чыйыры жана каармандары тууралуу кеп жүрдү

Муратовдун чыгармаларынын күйөрмандары үчүн адабият майрамына айланып, кызыктуу суроо-жооптор болду. Көп кырдуу бул инсандын чыгармаларынын жазылышы, адабияттагы чыйыры жана каармандары тууралуу кеп жүрдү.
Китеп таанытымга маданият, адабият жаатындагы ишмерлер, казак акыны Саят Камшыгер баш болгон акын-жазуучулар катышты.
"Ата конуш", "Шегемдiк кыз", "Арча түбүндөгү айдың кеч", "Ак булут, аппак булут", "Кыргыздардын элдик билимдери жана тажрыйбалары" – бул беш китепте кыргыз элинин күнүмдүк турмушу, үрп-адаты, салт-санаасы, маданияты, кулк-мүнөзү чагылдырылат. Мисалы, "Шегемдiк кыз" аңгемелер жыйнагы тууралуу айтсам, бул китеп Алматы шаарында басылып чыкты. Аңгемелерди кыргызчадан казакчага Гүлнур Кыранбай кызы которгон, ал эми редактору Саят Камшыгер. Китепке кыргыз окурмандарына жакшы тааныш "Чегемдик кыз", "Ак кардагы ак бекет", "Очок", "Жесир калган жеңемдин кошогу", "Мен баратам Бомбейге", "Азанчы", "Жайчылар", "Күн эжей" деген жана дагы башка, баары болуп он беш аңгемем кирди", — деди Муратов.
Ал эми иш-чараны уюштурган колледждин жетекчиси Түмөнбай Колдошев автордун элдик педагогикага кошкон салымын белгиледи.
"“Биздин окуу жайда педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу, котормочу, устатыбыз Абдыкерим Муратовдун беш китебинин таанытмасы болуп жатат. Биринчиден, мындай иш-чараны биздин окуу жайдын базасында өткөрүү маанисин айта кетейин. Биз келечекте педагогду тарбиялап жаткандан кийин алар сөзсүз түрдө көркөм чыгарманы, көркөм публицистиканы, дегеле көркөм дүйнөдөн кабардар болуп чоңоюшу керек. Биз гумандуу педагогдорду тарбиялашыбыз керек, ошондуктан жазуучулардын, акындардын, обончулардын, сүрөтчүлөрдүн жолугушууларын өткөрүп туралы деген ой келген. Балким, биз 2-3 жылда бере албаган нерсени ушул жолугушуулардан алар бир өмүргө тете жакшы сөздү угуп, өзүнө стимул алышы мүмкүн. Экинчиден, агайдын китептериндеги каармандар, окуялар айыл жериндеги күнүмдүк турмушка алып барып келет. Ар бир карапайым адамга тааныш. Жөнөкөйлүгү менен окурманды өзүнө тартат”, — деди Колдошев.
Кыргыз адабиятында Муратовдун прозасы, калеми өзгөчө баяндоо ыкмалары менен айырмаланып турат. Жөнөкөй, жатык, бир эле мезгилде жан дүйнөнү козгоп кеткен касиети, кылдаттык менен сюжеттерди кырдап кеткен чеберчилиги суктандырат.
Муратов буга чейин "Жылдыздар тараган таңдар" романын окурмандарга тартуулаган.
Улуу Ата Мекендик согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
"Кырк жылдык кыргындан" аман чыккан ардагерлер. 9-майга карата толгонуу
Жаңылыктар түрмөгү
0