Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда дарактын бутагындагы таранчы. Архив
Жамгыр учурунда дарактын бутагындагы таранчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
12-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу коммуналдык кызматтардын иши жана жайыттарда мал кармоо кыйындайт.
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Бейшембиде кээ бир аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...26, Талас жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө, Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22, Ош калаасында +26...+28 градуска жетет.
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу 8 күнгө жабылды. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0